11.06.2019 20:03

Асель Кодуранова: КСДП жетекчиси боюнча чечим Биринчи Май райсотуна «жогору жактан» түшкөн

Асель Кодуранова: КСДП жетекчиси боюнча чечим Биринчи Май райсотуна «жогору жактан» түшкөн

КСДП жетекчиси боюнча чечим чыгарууда Биринчи Май райондук сотуна  «жогору жактан» буйрук болгондой. Бул туурасында Кыргызстан Социал-демократтар партиясынын төрайымынын милдетин аткаруучу Асель Кодуранова билдирди.

Анын айтымында, 11-июнь күнү КСДП кеңсесине Биринчи Май райсотунун судьясы К.Исаева 7-июнь күнү чыгарган Аныктама келген. Анын мазмуну соттук териштирүүнүн адилет болгонуна күмөн жаратат.

«Биринчиден, бул соттук териштирүү маселени маңызы менен караган жок, болгону – доо арызды камсыздандырды. Башкача айтканда, бизди сотко чакырышкан жок. Сот К. Исаева эмне себептен тараптарды укпай туруп, Сагынбек Абдрахмановду «мыйзамдуу шайланган төрага» катары аныктаганын түшүндүрүшү керек. Бул «жогору жактан» түшкөн буйруктун негизинде жасалгандай пикир калтырат», - деди Жогорку Кеңештин депутаты, КСДП төрайымынын милдетин аткаруучу Асель Кодуранова.

«Болбосо, эмне үчүн Биринчи Май райсотунун судьясы К. Исаеванын 7-июндагы Юстиция министрлигине Бирдиктүү реестрдеги КСДПнын жетекчилиги тууралуу маалыматка өзгөртүү киргизишине тыюу салган Аныктамасында  капысынан эле «2019-жылдын 3-апрелиндеги партиянын 18-съездинде мыйзамдуу шайланган КСДПнын жаңы жетекчилигинин (төрага Сагынбек Абдрахмановдун жана Саясий кеңештин) кайрылуусунан башка учурларда» деген жазуу пайда болду?

Экинчиден, судьянын жалган-КСДПнын (Абдрахманов) доо арызын иш жүзүндө канааттандырган Аныктаманы алдын-ала чыгарып жатышы соттук адилеттүүлүктүн  ашкереленүү фактысын айдан ачык көрсөтүп турат.

Үчүнчүдөн, Аныктамада келтирилген сөздөр Абдрахмановдун доо арызын дал өзүндөй кайталайт. Башкача айтканда, бизде судья Исаева К.К.:
- Соттун Аныктамасын Сагынбек Абдрахмановдун же, анын артында турган адамдардын мажбурлоосу менен чыгарган;
- Же болбосо, доогер тарап менен сөз байлашып алып, Аныктаманы чыгаруу үчүн Доо арыздын электрондук версиясын колдонгон деген жүйөлүү күмөндөр жаралууда», -деп билдирет Кодуранова. 

Мындан улам, КСДП судья Исаеванын аракетине укуктук баа берүүнү сурап, Соттор кеңешинин алдындагы Тартипке салуучу комиссияга кайрыла тургандыктарын кабарлашты.    

«Бизде судья Исаева менен Юстиция министрлигинин иш-аракеттери «жогору жактан» башкарылган деп айтууга толук негиз бар», -дейт нааразы болгон КСДП төрайымы.

Эскерте кетсек, 28-май күнү КСДП өкүлдөрү партия жетекчилигине Алмазбек Атамбаевдин ордуна Асель Кодуранова келгенине байланыштуу Бирдиктүү реестрдеги маалыматты өзгөртүү өтүнүчү менен Юстиция министрлигине расмий кабар беришкен.

Мыйзам чегинде Юстиция министрлиги 7 жумушчу күндүн ичинде электрондук базадагы маалыматты өзгөртүшү керек болчу, тактап айтканда, 6-июнга чейин. 

Бирок, министрлик мөөнөт өтсө да, маалыматты өзгөрткөн эмес. April.kg создуктуруунун себептери боюнча комментарий ала албай койгон.

«Юстиция министрлиги мындай өжөрдүк менен судья К.Исаеванын 7-июнда гана чыккан чечимин күткөнүнө ишенип турабыз. Бул мыйзамсыз иш-аракеттерди биз бийликтин КСДПга карата уланып жаткан басымы катары баалайбыз. Бут тосууларга карабастан, өз чындыгыбызды бардык мыйзамдуу жолдор менен коргоого даярбыз жана мыйзамсыз иштерге аралашып жаткан жактардын жоопко тартылышына жетишебиз», -деп айтылат партия тараткан маалыматта.